Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

27.11.2019-ж.

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 135-беренесине ылайык, муниципалдык ишканалардын пайдасын сарамжалдуу пайдалануу жана Бишкек шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүн толтуруу максатында, Бишкек шаардык кеңеш токтом кылат:

1. Жылдык финансы-чарбалык иш-аракеттердин жыйынтыктары боюнча Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилген муниципалдык ишканалардын таза пайдасынын 50 пайызынан кем эмеси отчёттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө жергиликтүү бюджетке которулууга тийиш экендиги белгиленсин.   

2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып, бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте муниципалдык ишканалардын уюмдаштыруу документтерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Кулматова Н.А.) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри А.К.Бакетаевге жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы                 Ж. Б. Абиров

Тиркемелер:

- Маалымкат-негиздеме (doc. 23Кб)

- Финансылык корутунду (doc. 13Кб)

- Юридикалык корутунду (doc. 14Кб)

Аткаруучу:

С. Каныбеков, 613741