Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор 

2019-ж. 06-октябрь

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Борбордун статусу жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөндөгүлөр бекитилсин:

- Бишкек шаарынын аймагында көп батирлүү турак үйлөрдү куруу үчүн мурда ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген жер участокторуна менчик укуктарын сатуу жөнүндө жобо (мындан ары  - Жобо) 1-тиркемеге ылайык;

- Бишкек шаарынын экономикалык-пландоо зоналарынын чектери  2-тиркемеге ылайык;

- жер участогуна менчик укугун сатуунун типтүү келишими 3-тиркемеге ылайык форма боюнча.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

- имараттар жана курулмалар алдында турган  жер участокторуна  менчик укуктарын пайдалануучулардын каалоосу боюнча түз сатуу жолу менен, тоорук өткөрбөстөн жер участокторунун ижарачыларына (жер участокторун пай далануу мөөнөттөрү аяктаганга чейин же аяктагандан кийин) сатуу боюнча иштерди уюштуруу;

- сатылуучу жер участокторун баалоону Жобого ылайык жүргүзүү;

- ушул токтомдун аткарылышы менен байланышкан чыгымдарды төлөөнү Бишкек шаарындагы жер участокторуна менчик укуктарын сатуудан түшкөн каражаттардан  жүргүзүү.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин архитектура жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын вице-мэри жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы                     Ж. Б. Абиров

Тиркемелер:

маалымкат-негиздеме (doc. 23Кб)

- юридикалык корутунду (doc. 15Кб)