Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбор

2019-ж. 11-ноябрь

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

“Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңешинин Бишкек шаарындагы транспорттук дисциплинаны сактоо үчүн ишканалардын жетекчилеринин жоопкерчилигин жогорулатуу, жүргүнчүлөрдү ташуу иштерин тартипке келтирүү жана жөнгө салуу, жарандарды тейлөө маданиятын, сапатын жогорулатуу, жүргүнчүлөрдү ташуу системасын жакшыртуу максатында,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Тиркемеге ылайык, Бишкек шаарындагы жүргүнчүлөрдү автомобилдик транспорттор менен ташууну уюштуруу Эрежелерин бекитүү.
  2. Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 13-октябрында бекитилген №264 “Бишкек шаарында автомобиль транспорт менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу Эрежелерин бекитүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп эсептөө.
  3. Аталган токтомду бекитилген шарттарга ылайык каттоо жана Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүү.
  4. Бул токтомдун ишке ашышын көзөмөлдөө Бишкек шаардык кеңешинин байланыш жана инвестиция, транспорт, отун-энергетика комплекси жана турак жай-коммуналдык чарбасы боюнча комиссиясынын туруктуу төрагасы муниципалдык менчик жана транспорт маселеси боюнча тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине тапшырылсын.

5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы                   Ж. Б. Абиров

Тиркемелер:

- эрежеге тиешелүү бардык тиркемелер (doc. 88Кб);

- маалымкат-негиздеме (doc. 26Кб);

- салыштырма таблица  (doc. 72Кб);

- юридикалык корутунду (doc. 24Кб).