Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

2019-ж. 06-октябрь

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 29-беренесине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 222-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», Мыйзамынын 18-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Борбордун статусу жөнүндө» Мыйзамынын 20-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 15-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Төмөндөгүлөр бекитилсин:

  - Бишкек шаарында тоорук өткөрбөстөн ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга кошумча жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) 1-тиркемеге ылайык;

- Типтүү жер участогунун ижара келишиминин формасы 2-тиркемеге ылайык;

- шаар куруу корутундусу (шаар куруу корутундусун жол-жоболоштуруу) 3-тиркемеге ылайык;

- жер участокторунун ижара төлөмүн эсептөө үчүн пайдаланылган экономикалык-пландоо зоналарынын жана функционалдык багыттын коэффициенттери 4-тиркемеге ылайык;

- Бишкек шаарынын экономикалык-пландоо зоналарынын чектеринин схемасы жана сыпатталышы 5-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.  

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин архитектура жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (Б.К. Абдраев) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А.Э.Алымкуловго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы                    Ж. Б. Абиров

Тиркемелер:

- маалымкат-негиздеме (doc. 23Кб);

- юридикалык-корутунду (doc. 15Кб).