Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

ДОЛБООР

2019-ж. 06-октябрь

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Бишкек шаарында муниципалдык менчик объекттерин натыйжалуу пайдалануу механизмин иштеп чыгуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш

                                                ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Бекитилсин:

- 1-тиркемеге ылайык, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобо;

- 2-тиркемеге ылайык, чарбалык жүргүзүү укугуна келишимдин типтүү формасы;

- 3-тиркемеге ылайык, ыкчам башкаруу укугуна келишимдин типтүү формасы;

- 4-тиркемеге ылайык, жеңилдетилген ижара акысы менен келишимдин типтүү формасы;

- 5-тиркемеге ылайык, рыноктук ижара акысы менен келишимдин типтүү формасы;

- 6-тиркемеге ылайык, субижара келишиминин типтүү формасы;

-7-тиркемеге ылайык, узак мөөнөттүү ижара келишиминин типтүү формасы;

- 8-тиркемеге ылайык, кыймылдуу мүлк келишиминин типтүү формасы.

2. Бишкек шаардык кеңештин 2002-жылдын 22-майындагы №127 «Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерге чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыккан маселелер боюнча чараларды көрсүн.

4. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

5. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана транспорт жана муниципалдык менчик маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы             Ж.Б. Абиров