Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

            2019-жылдын  “___” _______

         Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаардык кеңештин 2019-жылдын 19-мартындагы №93 “2019-жылга карата Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  1. 1-пункттагы “8 611 793,7”, “4 763 066,2”, “1 015 258,9”, “939 615,2”, “915 574,9”, “978 278,5” сандары “8 834 030,2”, “4 787 471,8”, “1 058 831,3”, “996 258,1”, “963 160,1”, “1 028 308,9” сандары менен алмаштырылсын;
  2. жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1, 1-1, 1-2, 1-3, жана 1-4 тиркемелери ушул токтомдун 1, 1-1, 1-2, 1-3 жана 1-4 тиркемелеринин редакциясына ылайык баяндалсын;
  3.  жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2 жана 2-1 тиркемелери  ушул токтомдун 2 жана 2-1 тиркемелеринин редакциясына ылайык баяндалсын;
  1. Бюджеттик каражаттар боюнча чыгашалардын негизги жана жардамчы топтору боюнча өзгөртүлгөн көрсөткүчтөр ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык бекитилсин.
  2. 15-пунктта:

7-пунктчада “Рука в руке” сөзү төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: “жана 2019-жылдын 1-октябрынан тартып “ЧГЕШ – Еврей мектеби” окуу-тарбия борбору” мекемеси;

  1. Төмөнкү мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:

“21. Жалпы билим берүү уюмдарындагы аскерге чакырууга чейинки даярдоо боюнча жетекчилерге айына 6000 сом суммадагы кызматтык айлык акы белгиленсин”.

  1. Жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 21 – 26- пункттары 22 – 27- пункттарга ылайык деп эсептелсин.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин экономика, бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлсүн.

Төрага                     Ж. Б. Абиров

Тиркемелер:

- Түшүндүрмө кат (29 Кб, doc.)

- Бардык тиркемелер (229 Кб, doc.)

 

Аткаруучу:

КР ФМнын Бишкек башкармалыгы

____________________У. Аманбаев

Тел: 61 25 33