Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

2019-жылдын «___»_______

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ


Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 74-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Борбордун статусу жөнүндө» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңештин ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин ченемдерине ылайык келтирүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш токтом кылат:

1. Бишкек шаарынын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымды эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

1) Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 30-мартындагы № 54 «Бишкек шаарынын аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдардын ченин бекитүү жөнүндө» токтому;

2) Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 29-декабрындагы № 135 «Бишкек шаарынын аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдарды эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө» жана «Бишкек шаарынын аймагында автотранспортторду токтотуу үчүн жыйымдарды эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө» жоболорун бекитүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту.

3. Ушул токтом каттоого алынсын жана Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.  

4. Токтом 2020-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансылар боюнча туруктуу комиссиясына (Кулматов Н.А.) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри А.К. Бакетаевге жүктөлсүн.

Төрага       Ж. Б. Абиров

Тиркемелер:

- Маалымкат-негиздеме (21 Кб, doc.)

- Жобо (17 Кб., doc.)