Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ 

 Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” мыйзамдарына ылайык Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бекитилсин:

- Жер участокторунун чек араларын (конфигурациясын), функционалдык багытын өзгөртүүнүн  жана алмаштыруунун тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- кошумча макулдашуу 2-тиркемеге ылайык;

- жер участокторунун чек араларын (конфигурациясын), функционалдык багытын өзгөртүү жөнүндө шаар куруу корутундусу форма боюнча 3-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин архитектура жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (Б.К. Абдраев) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А.Э.Алымкуловго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы            Ж. Б. Абиров

Тиркемелер:

- Жалпы жоболор (doc. 43Кб)

- Кошумча корутунду (doc. 31Кб)

- Шаар куруу корутунду (doc. 25Кб)

- Маалымкат-негиздеме (doc. 22Кб)

-Юридикалык корутунду (doc. 13Кб)