Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

2019-жылдын «___»_______

БИШКЕК ШААРДЫК КЕНЕШТИН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 45-главасына, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 18, 31-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Борбордун статусу жөнүндө» Мыйзамынын 8, 15-беренелерине ылайык, Бишкек шаарынын муниципалдык аймагында автотранспорттук каражаттардын акы төлөнүүчү муниципалдык унаа туруктарын өнүктүрүү жана уюштуруу, автотранспорттук каражаттардын акы төлөнүүчү муниципалдык унаа туруктарын түзүү жана пайдалануу тартибин белгилөө максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын муниципалдык аймагында автотранспорттук каражаттардын акы төлөнүүчү муниципалдык унаа туруктарын уюштуруу тартиби жана шарттары жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

- өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу тийиштүү чараларды көрсүн.  

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (Б. К. Абдраев) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А. Э. Алымкуловго жүктөлсүн. 

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы            Ж. Б. Абиров

Тиркемелер:

- Маалымкат негиздеме (doc. 34Кб)

- Жалпы жоболор (doc. 57Кб)

- Автотранспорттук каражатты эсепке алуу журналы (doc. 18Кб)

- Юридикалык корутунду (doc. 16Кб)