Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 Долбоор

                                                                                          Бишкек шаарынын мэриясы

                                                            «____» __________________

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын 7-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесинин 1-бөлүгүнүн 13-пунктуна, Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” Мыйзамынын 8-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 2-февралындагы № 19 “Т. Усубалиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгын майрамдоо жөнүндө” Жарлыгы менен, Бишкек шаарынын Топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын жыйынынын 2018-жылдын 28-ноябрындагы №3 протоколун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-мартындагы №45-р буйругу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Турдакун Усубалиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин жыйынынын протоколун эске алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Турдакун Усубалиевич Усубалиевдин аты Бишкек шаарында Орозбеков – Раззаков көчөлөрүнүн чегинде жайгашкан аянтка (Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүнүн имаратынын маңдайы) тиркелген схемага ылайык ыйгарылсын.

2. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы, “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы эсепке алуу, инвентаризациялоо маалыматтарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4.  Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (Б.К. Абдраев) жана Бишкек шаарынын вице-мэри У.Ш. Азыгалиевге жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы   Ж. Б. Абиров

Тиркемелер:

1. Маалымкат-негиздеме жана юридикалык корутундк  (doc. 18Кб)

2.Бишкек шаарындагы аянттын схемасы (pdf. 407Кб)

2019-жыл 08-июль