Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

ДОЛБООР

Бишкек шаарынын мэриясынын

Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы

                                                                                2018-жылдын «_____» __________

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Конституциясын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаарынын аймагында уруксатсыз курулуштарды бузуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө бирдиктүү тартипти ишке ашыруу жана камсыздоо максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Бишкек шаарынын аймагында уруксатсыз курулушту жүзѳгѳ ашырган жак аныкталбаган учурда, уруксатсыз курулуштарды бузуу тартиби жѳнүндѳ» жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы уруксатсыз курулуштарды аныктоодо, бузууда «Бишкек шаарынын аймагында уруксатсыз курулушту жүзѳгѳ ашырган жак аныкталбаган учурда, уруксатсыз курулуштарды бузуу тартиби жѳнүндѳ» жобону так жетекчиликке алсын.

3. Ушул токтом каттоодон ѳткѳрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигине жѳнѳтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (Конгантиев К.К.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б.О. Дюшембиевге жүктѳлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин тѳрагасы

от 14-сентября 2018 г.

Тиркемелер:

жобо (doc. 16Кб)

- маалымкат негиздеме (doc. 16Кб)

- юридикалык корутунду (doc. 13Кб)