Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаарынын

мэриясы

2019-жылдын “___”___

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-октябрындагы №486 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-июлундагы № 430 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин "Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгы" мамлекеттик ишканасын Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу” токтомун аткаруу үчүн, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесин,  “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11, 14-беренелерин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

                                      ТОКТОМ КЫЛАТ:

         1. Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 30-июнундагы №151 "Бишкек шаарынын архитектура жана шаар куруу башкы башкармалыгы" мамлекеттик ишканасын Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп  табылсын.

         2. Бишкек шаарынын мэриясы:

         - “Бишкекбашкыархитектура”  муниципалдык ишканасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин карамагына  өткөрүп берсин;

         - “Бишкекбашкыархитектура”  муниципалдык ишканасынын мүлкүн мамлекеттик  менчикке  ажыратып берүүнү жүргүзсүн;

         - өз чечимдерин  ушул токтомго ылайык келтирсин.

         3.  Ушул токтом  Кыргыз Республикасынын  ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн  Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине  жөнөтүлсүн.

         4.  Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо  Бишкек шаардык кеңештин  муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча  туруктуу комиссиясына  (Б.К.Абдраев) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б.О.Дюшембиевге жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы     Ж. Б. Абиров

Тиркемелер:

- Маалымкат-негиздеме (doc 15Кб)

- Юридикалык корутунду (doc 13Кб)