Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

                            Долбоор

                                                                                                       Бишкек шаарынын мэриясы

                                                                                                     2019-жылдын “___”______

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамынын 15-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын  түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, борбор шаарды санариптик трансформациялоо боюнча процесстерди тездетүү үчүн  шарттарды түзүү максатында  Бишкек шаардык кеңеш

                            ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын мэриясынын “Санарип  технологиялар борбору” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берилсин.

2. Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 23-ноябрындагы №81 “Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүн бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун тиркемесиндеги “Чарба жүргүзүүчү субъекттер” графасы төмөнкү мазмундагы 18-пункт менен толукталсын:

“18. “Санарип технологиялар борбору” МИси”.

2. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарында каралган зарыл иш-чаралардын  комплексин белгиленген тартипте жүргүзсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин регламент, этика, укук маселелери жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына (Э. А. Досалиев) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри А.К.Бакетаевге жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы                                                            Ж.Б. Абиров

Тиркеме:

- Маалымкат негиздеме, юрдикалык корутунду, финансылык-экономикалык негиздеме (doc 27Кб)

- 1-тиркеме, уюштуруу түзүмү (pptx 76Кб)

- 2-тиркеме, штаттык ырааттама (doc 22Кб)

- 3-тиркеме, чыгымдар сметасынын эсеби (doc 24Кб)

- 4-тиркеме, баалардын прейскуранты (doc 70Кб)