Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

2019-жылдын “___”_______

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын Прокуратурасынын 2018-жылдын                                 12-декабрындагы № 11/9-0-22-18 “Бишкек шаардык кеңешинин                       2018-жылдын 23-ноябрындагы №81 “Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүн бекитүү жөнүндө” токтомун жокко чыгаруу жөнүндө каршылык билдирүүсүн аткаруу үчүн,  Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесин жетекчилике алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин  2018-жылдын 23-ноябрындагы №81 “Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүн бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

-  жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун тиркемесиндеги “Чарба жүргүзүүчү субъекттер” бөлүгүндө “Бишкекбашкыархитектура” МИси” деген сөздөр алынып салынсын.

2.  Бишкек шаарынын мэриясы:

-  өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

-  ушул токтомдон келип чыккан чараларды кабыл алсын.

3. Бул токтомдун  аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин регламент, укук маселелери жана укук тартиби боюнча  туруктуу  комиссиясына (Э.А.Досалиев)  жана  Бишкек шаарынын мэри А.Э.Суракматовго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы       Ж.Б. Абиров

Маалымкат-негиздеме(doc. 15Кб)