Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясынын

Муниципалдык мүлк башкармалыгы

2019-жылдын 17-январы

 

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине ылайык, шаар тургундарын социалдык-маданий объекттер менен  камсыз кылуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаары 11 кичирайону, 10/1 үй дарегинде жайгашкан жалпы  аянты 1064,8 чарчы метр мектепке чейинки билим берүү уюмунун имаратын 0,42 га өлчөмдөгү жанаша жайгашкан жер участогу менен Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте муниципалдык менчик объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек башкармалыгы ушул токтомдун биринчи пунктунда көрсөтүлгөн объектти капиталдык оңдоо жана аны иштетүүгө каражатты 2019-2020-жылдарга  карата шаардык бюджеттен караштырсын.

 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (Б.К. Абдраев) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б.О.Дюшембиевге жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Абиров Ж.Б.

Маалымкат-негиздеме жана юридикалык корутунду (doc., 17Кб)

КР Вице-премьер-министрдин каты (pdf., 96Кб) 

КР Каржы министрлигинин жообу (pdf., 86Кб)