Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

ДОЛБООР

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, Бишкек шаарынын аймагында автомобилдик май куюучу станцияларды курууну тартипке келтирүү, экологиялык, техногендик коопсуздукту камсыздоо максатында, транспорттук айрылыш маселелерин чечүү үчүн, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 58 “Автомобилдерге май куюучу станцияларды куруу үчүн жер участокторун берүүгө мораторий киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пунктундагы “беш жылдык” деген сөздөр “он жылдык” сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып беш  жылдык мораторий эсептелээри аныкталсын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик жана жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (Абдраев Б. К.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б. О. Дюшембиевге жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Абиров Ж.Б.

Маалымкат-негиздеме жана салыштырмалуу таблица (doc. 14Кб)