Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
“_____” _____________2018-ж.

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу жобону бекитүү жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 313-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялардын типтүү курамы (мындан ары - Комиссиялар) 2-тиркемеге ылайык.  

2. Бишкек шаарынын мэриясына Комиссиялардын жекече курамын түзүү укугу берилсин.

3. Комиссиялар өз иш-аракеттеринде жогоруда көрсөтүлгөн жобону жетекчиликке алышсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын вице-мэрлери Б.О. Дюшембиевге жана Р.А. Сарпашовго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы                                                       Ж.Б. Абиров

Приложения (docx, 38 Кб)