Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жөнүндө” мыйзамын, Бишкек шаардык кеңештин регламентин жетекчиликке алып, ошондой эле  Бишкек шаардык кеңешинин “Өнүгүү-Прогресс” жана “Республика-Ата Журт” фракцияларынын лидерлеринин катын эске алып, Бишкек шаардык кеңеши

                                      ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Төмөнкүлөр Бишкек шаардык кеңешинин төмөнкү туруктуу комиссияларынын курамынан  чыгарылсын:

бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиядан –  Молдобаева Гульнара Аскарбековна - “Республика-Ата Журт” фракциясынын мүчөсү;

социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиядан – Исмаилов Сайдахмат Аблезович - “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын  мүчөсү;

муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура  боюнча туруктуу комиссиядан – Бактыбеков Алымбек Бактыбекович - “Республика-Ата Журт” фракциясынын мүчөсү;

турак жай коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиядан – Аматов Рысбай Аматович - “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү.

  1. Төмөнкүлөр Бишкек шаардык кеңешинин төмөнкү туруктуу комиссияларынын курамына киргизилсин:

бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссияга – Бактыбеков Алымбек Бактыбекович - “Республика-Ата Журт” фракциясынын мүчөсү;

социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга – Аматов Рысбай Аматович - “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын  мүчөсү;

муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура  боюнча туруктуу комиссияга - Молдобаева Гульнара Аскарбековна - “Республика-Ата Журт” фракциясынын мүчөсү;

турак жай коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссияга - Исмаилов Сайдахмат Аблезович “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү.

  1. Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-ноябрындагы № 77 “Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

а) 2-пункттун 2-сабындагы “Молдобаева Гульнара Аскарбековна” деген сөздөр  “Бактыбеков Алымбек Бактыбекович”  деген сөздөр менен алмаштырылсын;

б) 5-пункттун 3-сабындагы “Исмаилов Сайдахмат Аблезович” деген сөздөр “Аматов Рысбай Аматович” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

в) 4-пункттун 5-сабындагы “Бактыбеков Алымбек Бактыбекович” деген сөздөр  “Молдобаева Гульнара Аскарбековна”  деген сөздөр менен алмаштырылсын;

б) 5-пункттун 6-сабындагы “Аматов Рысбай Аматович”  деген сөздөр “Исмаилов Сайдахмат Аблезович” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                                           Ж. Б. Абиров