Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаарынын шаар курулушун өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын    21-ноябрындагы № 805 “2025-жылга чейинки мезгилге Бишкек шаарынын башкы планы жөнүндө” токтому менен бекитилген Бишкек шаарынын Башкы планына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын борбордук аймагынын деталдуу пландаштыруу долбоору тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы Жибек-Жолу проспекти, Курманжан Датка, Шабдан Баатыр, Иса Ахунбаев, Дооронбек Садырбаев жана Юлиус Фучик көчөлөрү менен чектелген аймакта долбоор алдындагы уруксат кылуучу документтерди даярдоодо, курулуш долбоорлорун макулдашууда жана объекттерди курууда, Бишкек шаарынын борбордук аймагынын деталдуу пландаштыруу долбоорун жетекчиликке алсын.

3. Бишкек шаарынын мэриясы:

- Бишкек шаарынын аймагынын калган бөлүгүнө деталдуу пландаштыруу долбоорун иштеп чыгуу боюнча Бишкек шаардык кеңешине сунуш киргизсин;

- бекитилген деталдуу пландаштыруу долбоорлорунун чектеринен сырткары жайгашкан кызыл маселесин иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңешинин сессиясынын кароосуна киргизсин;

- 2020-жылдын 1-февралына чейин шаардык бюджеттин каражаттарынан деталдуу пландаштыруу долбоорун иштеп чыгууга чыгымдалган“Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы аркылуу каражаттардын ордун толтуруу механизмин иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча комиссиясынын кароосуна киргизсин.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана шаар куруу жана архитектура  маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Ж. Б. Абиров

Приложение (PDF 65 Мб)