Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 28-декабрындагы

N 5 "Туруктуу комиссиялардын төрагаларын жана

төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө"

токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Бишкек шаардык кеңештин регламентинин 5-главасынжетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынынын протоколунун негизинде, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 28-декабрындагы N 5 "Туруктуу комиссиялардын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө" токтомунун тиркемесинетөмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

а) 1-пункттун 3-абзацындагы "Ата-Мекен" фракциясынан депутат - Сариев Аликбай Токталиевич" деген сөздөр алынып салынсын;

б) 3-пункттун 2-абзацындагы "Токтосартов Камалдин Акунович - "Ата-Мекен фракциясынан депутат" деген сөздөр "Сариев Аликбай Токталиевич - Ата-Мекен" фракциясынан депутат" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

 

М.Аманкулов

Бишкек шаары,

2013-жылдын 19-ноябры, №60