Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Турак жай менчик ээлеринин шериктиктерине

турак эмес жайларды өткөрүп берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын "Турак жайдын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө" жана "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Турак жай Кодексинжетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңештин 2007-жылдын 30-ноябрындагы N 382 токтомуменен түзүлгөн муниципалдык объекттердин таандыгын изилдөө боюнча комиссиянын материалдарын карап чыгып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Бишкек шаарынын мэриясы:

а) "Проспект Чүй-34" турак жай менчик ээлеринин шериктиктиги менен лифт жана лифт жабдууларын өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууга кол коюуну камсыздасын жана макулдашууга кол коюлгандан кийин, Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте "Проспект Чүй-34" турак жай менчик ээлеринин шериктиктигине Чүй проспекти, N 34 үй дарегинде жайгашкан турак эмес жайларды өткөрүп берсин жана муниципалдык менчиктин объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;

б) "Иссык Куль" турак жай менчик ээлеринин шериктиктиги менен лифт жана лифт жабдууларын өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууга кол коюуну камсыздасын жана макулдашууга кол коюлгандан кийин, Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте "Иссык Куль" турак жай менчик ээлеринин шериктиктигине Абдрахманов көчөсү, N 137 үй дарегинде жайгашкан турак эмес жайларды өткөрүп берсин жана муниципалдык менчиктин объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;

в) Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте "Дом транспортника" турак жай менчик ээлеринин шериктиктигине Токтогул көчөсү, N 77 үй дарегинде жайгашкан турак эмес жайларды өткөрүп берсин жана муниципалдык менчиктин объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

2. Муниципалдык объекттердин таандыгын изилдөө боюнча комиссия турак үйлөрдө жайгашкан муниципалдык жайлардын таандыгын аныктоо жана аларды мындан ары турак жай менчик ээлеринин шериктигине өткөрүп берүү мүмкүндүгү боюнча иштерди улантсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулушу жана архитектура боюнча туруктуу комиссияга (У.Е.Адылбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б.О.Дюшембиевге жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

 

М.Аманкулов

Бишкек шаары,

2013-жылдын 19-ноябры, №56