Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2013-жылга Бишкек шаарынын бюджети

бекитүү жана 2014-2015-жылдарга

болжолу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы N 78 "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Мыйзамынаткаруу үчүн, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2013-жылга карата кирешелер жана чыгашалар боюнча Бишкек шаарынын бюджети 6544218,8 миң сом суммада бекитилсин, анын ичинде:

4439638,1 миң сом - шаардык бюджет;

543918,8 миң сом - Ленин районунун бюджети;

540410,4 миң сом - Октябрь районунун бюджети;

493158,4 миң сом - Биринчи май районунун бюджети;

527093,1 миң сом - Свердлов районунун бюджети.

(Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 6-июнундагы N 25 токтомунунредакциясына ылайык)

2. 2014-2015-жылдарга карата Бишкек шаарынын бюджетинин негизги параметрлеринин болжолу жактырылсын.

1) Кирешелер жана чыгашалар боюнча болжол 2014-жылга карата - 7544365,0 миң сом суммада, 2015-жылга карата - 8684285,0 миң сом суммада.

2) 2014-2015-жылдарга карата жактырылган шаардын бюджетинин болжолдук параметрлери ар бир конкреттүү мезгилде аларды кабыл алууда такталууга тийиш.

3. Бишкек шаарынын 2013-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү жана 2014-2015-жылдарга карата болжолу 1-, 1-1-, 1-2-, 1-3-тиркемелерге ылайык булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлө тургандыгы аныкталсын.

4. 2013-жылга карата шаардын бюджетинин жана 2014-2015-жылдарга карата болжолунун чыгашаларын каржылоого каражаттар 2-, 2-1-тиркемелерге ылайык белгиленсин.

5. 2013-жылга карата чыгашаларды каржылоо накталай алынган кирешелердин чектеринде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин. Мында, биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча чыгашаларды (айлык акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна төгүмдөр, дары-дармектер, тамактануу, даректүү социалдык жардам, акчалай камсыздоо, стипендиялар) жана коммуналдык кызматтар боюнча каржылоо жүргүзүлөт.

1) Бюджеттик мекемелердин штаттык санындагы вакансияларга жана ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга байланыштуу чыгашалардын корголгон статьялары азайтылышы мүмкүн.

2) Чыгашалардын статьяларынын максаттык пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик бюджеттик мекемелерге жана муниципалдык ишканаларга жүктөлөт.

6. 2012-жылы жеткиликтүү каржыланбай калган чыгашалар 2013-жылга карата бюджетте каралган ассигнованиелердин эсебинен жана анын чектеринде гана компенсациялана тургандыгы белгиленсин.

7. Бишкек шаары боюнча жүгүртүүдөгү кассалык накталай акча 2013-жылдын 1-январына карата 600,0 миң сом суммасында, анын ичинде шаардык бюджет боюнча 200,0 миң сом жана райондук бюджеттер боюнча 100,0 миң сом суммада бекитилсин.

8. 2013-жылга карата салык агенттиги тарабынан төлөнүүчү жеке киреше салыгы, жер астындагы кендерди пайдалангандык үчүн салык, сатуудан алынган салык, ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык, милдеттүү патенттин негизиндеги салык, бирдиктүү салык, мүлк объекттерине карата салык, жер салыктары, таштандыларды ташып чыгаруу үчүн салык боюнча пландуу түшүүлөрдөн райондук бюджеттерге чегерүүлөрдүн төмөндөгүдөй ченеми бекитилсин:

- Ленин районуна - 27,3%;

- Октябрь районуна - 31,8%;

- Биринчи май районуна - 13,3%;

- Свердлов районуна - 25,7%

юстиция органдары тарабынан алынган мамлекеттик алымдар, администрациялык укук бузуулар үчүн мамлекеттик органдар тарабынан салынган айып акылар, ар кандай салыктар жана жыйымдар, Бишкек шаарынын ЭЭЗсынан алынган салык жана салыктык эмес түшүүлөр - 100,0% шаардык бюджетке.

9. Бюджеттик уюмдардын атайын каражаттардын сметаларында бекитилген суммадан ашык түшүүчү кирешелери толук бойдон тийиштүү бюджеттин кирешесине алынат.

10. Бюджеттик уюмдарга жана мекемелерге атайын каражаттарды казыначылык системасынан тышкары пайдаланууга тыюу салынсын. Бул көрсөтүлгөн тартип бузулган учурда атайын каражаттардын 100% тийиштүү бюджеттин кирешесине кайтарылып алынат.

11. Бюджеттик уюмдар жана муниципалдык ишканалар тарабынан максаттык дайындалышынан башкага пайдаланылган шаардын бюджетинин каражаттары тийиштүү бюджетке кайтарылып алынууга жатат.

12. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндө" Мыйзамынаткаруу үчүн Бишкек шаардык кеңештин кезектеги сессиясына "Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" маселени киргизсин.

13. 2013-жылга карата шаардын бюджетинен каржылануучу мекемелер үчүн төмөндөгүлөр белгиленсин:

1) жалпы билим берүү мектептеринин чарба башчыларынын эмгек акыларына окуучулардын санына жараша 1 штаттык бирдикке ай сайын 2800 сомго чейинки үстөк акы (100 окуучуга чейин - 450 сом, 100дөн 600 чейин 1000 сом, 600дөн 1200 чейин - 1600 сом, 1200дөн 1800 чейин - 2200 сом, 1800дөн жогору - 2800 сом);

2) балдар музыкалык мектебинин жаш адистерине ай сайын 500 сом үстөк акы;

3) карылар үйүнүн, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шаардык реабилитациялык борборунун, "Коломто" муниципалдык мекемесинин жана "Ардагер" пансионунун кызматкерлерине ай сайын 1 кызматкерге 1650 сом эсебинде үстөк акы;

4) Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын социалдык кызматкерлеринин айлык акыларына ай сайын 1 ставкага 2000 сом эсебинде үстөк акы;

5) Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын үйлөмө аспап, симфония оркестрлеринин, элдик аспаптар оркестринин, "Семетей", "Доор", "Сувенир" ансамблдеринин жана "Кыргыз руху" фольклордук ансамблинин, "Акак" комузчулар ансамблинин, Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият жана туризм башкармалыгынын, Бишкек шаардык драмтеатрынын негизги жана инженердик-техникалык персоналдарынын айлык акыларына ай сайын 1 кызматкерге 2500 сом эсебинде үстөк акы;

6) билим берүү жана маданият мекемелеринин борборлоштурулган бухгалтерияларынын кызматкерлерине ай сайын 2000 сомдон үстөк акы;

7) шаардык маанидеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин айлык акыларына ай сайын төмөндөгүдөй үстөк акы:

мэриянын, шаардык кеңештин жетекчилерине - 1000 сомдон;

шаардык каржы башкармалыгынын, Бишкек шаары боюнча казыначылыктын регионалдык бөлүмүнүн жетекчилерине - 2750 сомдон;

шаардык каржы башкармалыгынын, Бишкек шаары боюнча казыначылыктын регионалдык бөлүмүнүн, МСКБнын жергиликтүү салыктар жана жыйымдар боюнча бөлүмүнүн, шаардык мамлекеттик архивдин, Материалдарды сактоо кызматынын кызматкерлерине - 2000 сомдон;

түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине жана кызматкерлерине, мэриянын, шаардык кеңештин башка кызматкерлерине - 4000 сомдон;

муниципалдык аймактык башкаруулардын кызматкерлерине - 3000 сомдон;

8) райондук маанидеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин айлык акыларына ай сайын төмөндөгүдөй үстөк акы:

администрациялардын жетекчилерине - 1000 сомдон;

райондук билим берүү борборлорунун аппараттарынын, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын жана администрациялардын башка кызматкерлерине - 3000 сомдон;

финансы органдарынын, казыначылыктын регионалдык бөлүмдөрүнүн, МСКБнын жергиликтүү салыктар жана жыйымдар боюнча бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине - 1500 сомдон;

9) райондук аскер комиссариаттарынын кенже тейлөөчү, техникалык жана аскердик-учеттук персоналдарынын, укук коргоо органдарынын жалданма курамынын кызматкерлеринин айлык акыларына ай сайын - 500 сомдон үстөк акы;

10) 2013-жылдын апрель айына чейин Бишкек шаарынын ИИББсынын жол кыймылы коопсуздугу бөлүмүнүн жол-патрулдук кызматынын аялдар взводунун кызматкерлеринин айлык акыларына ай сайын - 5000 сомдон үстөк акы;

11) билим берүү, социалдык өнүктүрүү, маданият, спорт уюмдарынын башка кызматкерлеринин жана Бишкек шаарынын мэриясынын базарлар, автотоктотмолор жана авто коюу жайлар дирекциясынын кенже тейлөө персоналдарына 1 кызматкерге - 1000 сом эсебинде ай сайын үстөк акы;

12) саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин айлык акыларына ай сайын төмөндөгүдөй үстөк акы:

врачтарга, орто жана башка персоналдарга 1 ставкага 1000 сом эсебинде, бирок бир кызматкерге - 1000 сомдон ашпаган суммада;

кенже медициналык персоналга бир ставкага 1500 сом эсебинде, бирок бир кызматкерге - 1500 сомдон ашпаган суммада;

13) Кесиптик-техникалык билим берүү башкармалыгынын методисттерине жана Билим берүү башкармалыгынын медициналык-педагогдук комиссияларына 1 кызматкерге - 1500 сом эсебинде ай сайын үстөк акы;

14) Бишкек шаарынын мэриясынын Автобазасынын айдоочуларынын айлык акыларына - 4000 сомдон, финансы органдарынын жана Бишкек Казыначылыктын регионалдык бөлүмүнүн айдоочуларына - 3000 сомдон, медициналык тез жардам автомашиналарынын айдоочуларына ай сайын 1 кызматкерге - 2000 сом эсебинде үстөк акы.

14. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен күнүмкү тамактанууга карата төмөнкү ченемдер белгиленсин:

1) мектепке чейинки билим берүү уюмдарында:

3 жашка чейинки балдар үчүн - 29,00 сом;

3төн 7 жашка чейинки балдар үчүн - 30,00 сом;

2) мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы акыл-эс жана дене-бой өсүшүндө кемчиликтери бар балдар үчүн - 57,00 сом;

3) бала бакчадагы кургак учук менен ооруган балдар үчүн - 95,00 сом;

4) жетим балдар жана жалпы билим берүү уюмдарында 5-7-класстардын аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары үчүн - 14,00 сом;

5) жалпы билим берүү уюмдарында 1-4-класстардын балдары үчүн - 14,00 сом;

6) жалпы билим берүү мектептериндеги акыл-эс жана дене-бой өсүшүндө кемчиликтери бар балдар үчүн - 14,00 сом;

7) Балдардын социалдык адаптациялоо борборунда, Кароосуз балдарды реабилитациялоо борборунда, Свердлов районунун кароосуз балдар үчүн приютунда - 70,00 сом;

8) Ленин, Биринчи май райондорунун карылар үйлөрүндө, "Ардагер" пансионунда - 60,00 сом;

9) Адистештирилген балдар үйүндө - 105,00 сом;

10) Шаардык перинаталдык борбордун жаңы төрөлгөн балдар үчүн бөлүмүндө - 15тен 25,00 сомго чейин;

11) Медициналык тез жардамдын шаардык балдар клиникалык ооруканасынын жаңы төрөлгөн балдардын патологиясы бөлүмүндө бала эмизген энелер жана 1 жашка чейинки балдар үчүн - 30,00 сом;

12) шаардын стационардык уюмдарында - 60,00 сом;

13) стационардык кургак учукка каршы мекемелерде - 105,00 сом;

14) ден-соолуктун чектелген мүмкүнчүлүктөрү менен жактар үчүн шаардык реабилитациялоо борборунда - 35,00 сом;

15) жатып калган оорулууларга ысык тамак берүүгө - 60,00 сом;

16) белгилүү жашаган жери жок бир адамга тамак берүүгө - 35,00 сом;

17) мектеп алдындагы лагерлердеги аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына тамак берүүгө - 44,00 сом.

15. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен күнүнө дары-дармектерге карата төмөндөгүдөй ченемдер белгиленсин:

1) стационардык кургак учукка каршы мекемелерде - 45,00 сомго чейин;

2) N 1 жана N 2 балдардын кургак учук мекемелеринде - 35,00 сомго чейин;

3) Кургак учукка каршы күрөшүү борборунда - 6,00 сомго чейин;

4) Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун хирургия жана травматология бөлүмүндө - 14,00 сомго чейин;

5) стационардык мекемелерде бир орун үчүн:

терапевттик профилде - 5,00 сомго чейин;

хирургиялык, реанимациялыктарда - 10,00 сомго чейин;

гинекологиялык профилде - 5,00 сомго чейин;

6) адистештирилген балдар үйүндө - 8,00 сомго чейин;

7) Медициналык тез жардамдын шаардык балдар клиникалык ооруканасынын жана Медициналык-консультациялык кызматтар жана спорттук медицина борборунун травматологиялык пункттарында бир врачтык катышуучуга (мындан ары - 1 в/к) - 6,00 сомго чейин;

8) Студенттер бейтапканасында 1 в/к - 1,50 сомго чейин;

9) Медициналык-консультациялык кызматтар жана спорттук медицина борборунун спорттук медицина бөлүмүндө 1 в/к - 5,00 сомго чейин;

10) Шаардык эндокринологиялык диспансерде 1 в/к - 3,00 сомго чейин;

11) Үй-бүлөлүк медицина борборунда 1 в/к - 0,25 сомго чейин;

12) Медициналык тез жардам станциясында бир чакырууга - 20,00 сом;

13) стоматологиялык бейтапканаларда бир шарттуу эмгек бирдигине (шэб) - 0,50 сом;

14) стоматологиялык бейтапканаларга караштуу балдар ортодонтия бөлүмүндө 1 в/к - 4,00 сомго чейин;

15) Балдардын социалдык адаптациялоо борборунда, Кароосуз балдарды реабилитациялоо борборунда, Свердлов районунун кароосуз балдар үчүн жайда 2,00 сомго чейин;

16) чектелген мүмкүнчүлүгү менен адамдар үчүн шаардык реабилитациялык борборунда - 0,55 сомго чейин;

17) белгилүү жашаган жери жок жактар үчүн - 6,50 сомго чейин.

16. 2013-жылга карата турак жай-коммуналдык кызматтарга акы төлөөгө жарандардын өздүк чыгымынын жол берилген эң четки үлүшү 16% өлчөмүндө белгиленсин.

17. 2013-жылга карата төмөндөгү чыгымдар бекитилсин:

1) мектепке чейинки балдар уюмдарында кыргыз тил мугалиминин бирден ставкасын күтүүгө;

2) жалпы билим берүү уюмдарында башталгыч аскердик даярдык боюнча жетекчинин бирден ставкасын күтүүгө;

3) Медициналык тез жардам станциясында "медициналык кызматкердин депозитине" карата үч жыл иштегендиги боюнча бир врачка айына 6000 сом жана бир орто медициналык кызматкерге 5000 сом эсебинде 40,0 штаттык бирдигине;

4) Биринчи май районунун "Коломто" муниципалдык ишканасын күтүүгө;

5) Ленин, Октябрь жана Свердлов райондору боюнча 3 кечки жалпы билим берүү мектебин күтүүгө;

6) "SOS" - Герман Гмайнер орто мектебинин, "SOS" - Бишкек шаарынын балдар айылынын бала бакчасынын чыгымдарын төлөөгө;

7) менчик - мамлекеттик еврей мектебинин коммуналдык кызматтары үчүн чыгымдарын төлөөгө;

8) "Сезим" кризистик борборунун коммуналдык кызматтары үчүн чыгымдарын төлөөгө;

9) муниципалдык милициянын 779,0 штаттык бирдигин күтүүгө;

10) Кабыл алуу бөлүштүрүү жайындагы жана Бишкек шаарынын ИИББнын УКЖсындагы фельдшерлердин 2,0 штаттык бирдигин күтүүгө;

11) Зордук-зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыркаган балдарга жардам көрсөтүү борборун күтүүгө;

12) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы N 404 "Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарды бекитүү жөнүндө" токтомуменен бекитилген типтүү штаттар тарабынан каралбаган 455,75 сандагы штаттык бирдиктеги 3-тиркемегеылайык кызматтарды күтүүгө;

13) анык аскердик кызматка чакыруу жана жөнөтүү мезгилинде Республикалык топтоо пунктунун ишин камсыздоого;

14) Коомдук-профилактикалык борборлордун ишин камсыздоого;

15) Бишкек шаарын жана жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүүгө, ошондой эле шаардык жана аймактык маанидеги объекттерди (социалдык, коомдук, коммуналдык, инженердик инфраструктуралар, тургундардын жалпы үлүштүк менчиктерин) түзүүгө, өнүктүрүүгө, калыбына келтирүүгө жана реабилитациялоого жана жамааттардын өз алдынча башкаруусунун ар түрдүү формаларын өнүктүрүүгө, алардын коомдук активдүүлүгүн жогорулатууга жана коммуналдык жана башка жашоо тиричилик маселелерин өз алдынча чечүүгө жөндөмдүү мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө колдоо көpсөтүүгө багытталган стимулдаштыруучу (үлүштүк) гранттарды берүүгө.

(Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 6-июнундагы N 25 токтомунунредакциясына ылайык)

18. Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаардык кеңештин профилдик комиссиялары менен бирдикте Бишкек шаарын жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө багытталган дем берүүчү гранттарга тиешелүү ченемдик актыларды ылайык келтирсин.

19. Кварталдык, үй комитеттеринин, аксакалдар сотунун төрагалары, үй алдындагы аймакты тазалоочулар жана ирригация тармактарынын мурап-техниктери үчүн келишимдик негизде 4-тиркемегеылайык акы төлөө белгиленсин.

20. Аксакалдар сотунун мүчөлөрүнө келишимдик негизде квартал сайын 250 сомдон акы төлөө белгиленсин.

21. "Алга-Бишкек" Футбол клубу" муниципалдык мекемесинин кызматкерлерине 5-тиркемегеылайык кызматтык айлык акылар белгиленсин.

22. "Алга-Бишкек" Футбол клубу" муниципалдык мекемесинин футболчуларына ай сайын 5000 сом өлчөмүндө стипендия белгиленсин.

23. Кызматкерлерге иштеген жылдары үчүн үстөк акы эсептөөдө жергиликтүү бюджеттин эсебинен бекитилген кошумча акылар эсепке алынбастыгы белгиленсин.

24. Жергиликтүү бюджеттен капиталдык салымдарды пландоо Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугу боюнча Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жүзөгө ашырылат.

25. 2013-жылдагы Бишкек шаарынын бюджетинин киреше бөлүгү боюнча божомолдогон көрсөткүчтөр ашыкча аткарылган учурда, ашык аткарылган сумма Бишкек шаардык кеңештин сессиясында бекитиле тургандыгы белгиленсин.

26. Бишкек шаардык кеңеш жумушчу комиссия түзсүн.

Жумушчу комиссия Бишкек шаардык кеңештин кезектеги сессиясына төмөнкүлөрдү киргизсин:

а) Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн функционалдык анализин (көз карандысыз эксперттерди тартуу менен);

б) бюджеттик каражаттарды рационалдуу жана натыйжалуу чыгымдоо максатында, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун резервдик фонду жөнүндө жобону;

в) Бишкек шаарынын мэриясы менен бирдикте Бишкек шаарынын муниципалдык ишканаларынын финансылык-чарбалык ишин инвентаризациялоо жана анализ жүргүзүү жыйынтыктары боюнча;

г) (Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 6-июнундагы N 25 токтомунаылайык алынып салынды)

(Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 6-июнундагы N 25 токтомунунредакциясына ылайык)

26-1. Бишкек шаардык кеңештин жогорудагы жумушчу комиссиясы Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына Бишкек шаарынын 2013-жылга карата бекиген бюджетине өзгөртүү жана толуктоо киргизүүнү карап чыгуу сунушу менен 2013-жылдын 20-ноябрына чейинки мезгилде кайрылсын.

(Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 6-июнундагы N 25 токтомунунредакциясына ылайык)

27. 2012-жылы үчүн чыгашалардан ашкан кирешенин эсебинен 17192,2 миң сом суммадагы чыгымдарды 6-тиркемегеылайык багыттоого уруксат берилсин.

28. Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына Бишкек шаарынын саламаттык сактоо департаментинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын сунуштарынын негизинде саламаттык сактоо жана билим берүү уюмдарын ремонттоо боюнча титулдук тизмелерин, ошондой эле жабдууларды сатып алуу боюнча чыгымдарды түзүү тапшырылсын.

29. Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, жергиликтүү бюджеттин эсебинен, аппараттардын, өз алдынча бөлүмдөрдүн жана башка мекемелердин кызматкерлерине кызматтык эмгек акыларын жана аларга үстөк акыларды белгилөө жана сыйлык акы берүү укугу Бишкек шаарынын мэринде сакталсын.

30. Бишкек шаарынын мэриясы:

а) Бишкек шаардык кеңеш тарабынан Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун резервдик фонду жөнүндө жобо бекитилгенге чейин Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясы менен макулдашуу боюнча резервдик фонддон суммаларды каржылоого уруксат берсин;

б) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-ноябрындагы N 618 токтомуменен бекитилген "Кыргыз Республикасында муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу, жайгаштыруу, иштетүү жана жокко чыгаруу тартиби жөнүндө" жобогоылайык, шаардын бюджетине кошумча каражаттарды тартуу үчүн зарылчылыкка жараша муниципалдык баалуу кагаздарды чыгарууну жүргүзүүгө уруксат берсин;

в) 2010-жылы шаардык бюджеттин каражатынын эсебинен Биринчи май районуна эмгек акы жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөрдү төлөө үчүн бөлүнүп берилген 7502,7 миң сом суммада бюджеттик ссуданын калдыгын эсептен чыгарсын;

г) каттамды пайдалануу үчүн чогултууну, тышкы жарнаманы таркатууга уруксат берүүдөн кирешелерди, автотранспортту токтотуу үчүн акыны Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык келтирүү үчүн ченемдик укуктук актыларды Бишкек шаардык кеңештин кезектеги сессиясына киргизсин. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен бирдикте Кыргыз Республикасынын "Салык эмес төлөмдөр жөнүндө" Мыйзамынаөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө маселени демилгелесин, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департаменти менен бааларды макулдашсын;

д) 2013-жылдын 1-июнунан тартып Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинеылайык Бишкек шаарынын мэриясынын Киреше саясаты башкармалыгын, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Кесиптик билим берүү башкармалыгын, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Санитардык-экологиялык инспекциясын, Бишкек шаарынын мэриясынын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана керектөө рыногун өнүктүрүү бөлүмүн кыскартсын;

е) 2013-жылдын 1-июнунан тартып Бишкек шаарынын мэриясынын киреше саясаты башкармалыгынын, Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык тамактануу департаментинин, Бишкек шаарынын мэриясынын жарнама департаментинин, Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын ыйгарым укуктарын Бишкек шаарынын мэриясынын ведомство алдындагы уюмдарына, мекемелерине жана райондук администрацияларына кийин өткөрүп берүү менен кыскартсын;

ж) Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясы менен бирдикте Бишкек шаарынын саламаттык сактоо системасынын мекемелеринин чыгымдар сметасын талдап чыгуу үчүн комиссия түзсүн;

з) Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 24-октябрындагы N 334 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин карамагына "Ата-Бейит" мемориалдык комплексин мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтомунаткаруу үчүн бул маселени Бишкек шаардык кеңештин кезектеги сессиясына чейин чечсин;

и) "Нур" ААКсынын карамагында турган отканаларды сатуу процедурасын токтотсун жана бюджеттик каражаттарды рационалдуу пайдалануу жана калкты сапаттуу тейлөө үчүн "Бишкек жылуулук энерго" КИнин карамагына кайтарып берсин;

к) бошотулган каражаттардын жыйынтыгы боюнча 2013-жылга Бишкек шаарынын бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү үчүн чыгымдарды Бишкек шаардык кеңешке киргизсин;

л) кошумча каражаттардан Бишкек шаарынын деталдуу пландоо долбоорун иштеп чыгууга 8000,0 миң сом карап чыксын;

м) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн дарегине жергиликтүү бюджеттин кирешелерин көбөйтүүгө көмөк көрсөтүү жөнүндө кайрылууну даярдасын жана кайрылуунун текстинин долбоорун Бишкек шаардык кеңештин кезектеги сессиясына киргизсин;

н) шаардык бюджет менен уюмдардын же ишканалардын ортосундагы пайданы бөлүштүрүү жөнүндө жобону иштеп чыгуу үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын бардык чарба жүргүзүүчү уюмдарынын жана муниципалдык ишканаларынын тизмесин Бишкек шаардык кеңешке киргизсин;

о) Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык кошумча булактардан милициянын участкалык пункттарын (МУП-контейнерлер) коюуга жана N 8 ШМБны курууга каражат карап чыксын;

п) бюджеттик каражаттарды чыгымдагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы N 78 "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктардын негизги принциптери жөнүндө" Мыйзамынын 22-статьясынаылайык финансылык тартип бузуулар жана бюджеттин аткарылышы менен байланышкан милдеттенмелерди аткарылбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген жеке жоопкерчилик тартаары белгиленсин;

р) Бишкек шаарындагы Герман Гмайнер SOS-орто мектебинин, SOS-Балдар айылы бала бакчасынын уюмдаштыруучулук документтеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына туураланышы камсыздалсын. Жыйынтыктары жөнүндө кезектеги сессияда маалымдалсын;

с) милициянын участкалык пункттарынын (МУП) жайгашуу жерлери аныкталсын.

(Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 6-июнундагы N 25 токтомунунредакциясына ылайык)

31. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасы М.А.Аманкуловго жана Бишкек шаарынын мэри И.Ш.Өмүркуловго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

 

М.Аманкулов

Бишкек ш.,

2-апрель2013-жыл,№12