Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бишкек шаардык мэриясынын

түзүмү  жөнүндө

 

         Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаарынын мэри тарабынан киргизилген Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү  жөнүндө маалыматы эске алынсын (тиркелет).

 

  1. Бишкек шаарынын мэриясы:

а) Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын корутундуларын, Бишкек шаарынын мэриясынын бөлүкчөлөрүнүн функционалдык анализи жана  2014 - жылдын 19 - февралындагы  № 70 Бишкек шаардык кеңештин токтому менен бекитилген  “ “Шаар жана шаардыктар”  Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык артыкчылыктары (2014 - 2018-жылдар)” боюнча сунуштарын эске алуу менен Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүн иштеп чыксын. 

 

б) 2014-жылдын 1 - апрелине чейин Бишкек шаарынын түзүмүн Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэри К. К. Кулматовго жана Бишкек шаардык кеңештин регламент, укук маселелери     жана    укук    тартиби    боюнча    туруктуу    комиссиясына  

(В. М. Лисниченко) жүктөлсүн.

Төрага                                                                              М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

18-февраль 2014-жыл, №71

 

ТИРКЕМЕ