Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын жолдорундагы 

коопсуздукту камсыздоо боюнча 

отчёт жөнүндө

         Бишкек шаарынын мэриясынын, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын жол кайгуул кызматынын, Кыргыз Республикасынын  Ички иштер министрлигинин жол кайгуул кызматынын адистештирилген монтаждоо эксплуатациялоо башкармалыгынын, Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын 2013-жыл үчүн  Бишкек шаарынын  жолдорундагы  коопсуздукту камсыздоо боюнча отчётторун угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарынын жана  Бишкек шаардык кеңештин регламентинин негизинде, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын  жол кайгуул кызматынын, Кыргыз Республикасынын  Ички иштер министрлигинин жол кайгуул кызматынын адистештирилген монтаждоо эксплуатациялоо башкармалыгынын 2013-жыл үчүн Бишкек шаарынын  жолдорундагы  коопсуздукту камсыздоо боюнча отчёттору эске алынсын.

 

  1. Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын  2013-жыл үчүн Бишкек шаарынын  жолдорундагы  коопсуздукту камсыздоо боюнча иши канааттандыраарлык эмес деп табылсын.

 

  1. Бишкек шаарынын мэри К. К. Кулматовго төмөнкүлөр тапшырылсын:
  2. шаардык транспорт чөйрөсүнө жооптуу кызматкерлердин жоопкерчилигине чара көрүү;
  3. 2014-жылдын 30-апрелине чейин Бишкек шаардык кеңешке көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат берүү.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык  кеңештин регламент, укук маселелери жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына (В. М. Лисниченко)  жана Бишкек шаарынын мэри  К. К. Кулматовго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                        М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

18-декабрь 2014-жыл, №67