Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

Бишкек шаардык кеңештин токтому

 

“Бишкек шаарынын резервдик

фонду жөнүндө” жобону бекитүү

жөнүндө

 

 

          Бишкек шаарынын резервдик фондунун каражаттарын натыйжалуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. “Бишкек шаарынын резервдик фонду жөнүндө” жобо бекитилсин (тиркелет).
  2. Бишкек шаарынын мэри, Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларынынбашчылары резервдик фонддун каражаттарын чыгымдоодо бул жобону так жетекчиликке алсын.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасы М. А. Аманкуловго жана Бишкек шаарынын мэри       К. К. Кулматовго жүктөлсүн.

Төрага                                                                        М. А. Аманкулов

Бишкек шаары,

13-март 2014 жыл, № 74

                                            Бишкек шаардык кеңештин

                                                                                                                   2014-жылдын “13”мартындагы

                                                                                                                   № 74- токтомуна тиркеме

“Бишкек шаарынын резервдик фонду жөнүндө” жобо

 

I  глава. Жалпы жоболор

 

  1. Ушул жобо Бишкек шаарынын мэриясынын жана райондук администрациялардынрезервдик фонддорунун (мындан ары-резервдик фонд) каражаттарын түзүү жана каржылоо тартибин аныктайт.
  2. Резервдик фонд күтүлбөгөн чыгымдарды каржылоо үчүн каралган жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамынын 21-статьясына ылайык түзүлөт.
  3. Резервдик фонддун каражаттары тийиштүү финансылык жылга карата Бишкек шаарынын бюджетинин чыгаша бөлүгүндө каралбаган күтүлбөгөн чыгымдарды каржылоо үчүн белгиленген.

II глава. Резервдик фондду түзүү тартиби

 

  1. Резервдик фонд шаардык бюджеттин чыгымдарынын курамында түзүлөт.
  2. Резервдик фонддун көлөмү Кыргыз Республикасынын  мыйзамына ылайык Бишкек шаардык кеңеш тарабынан кезектеги финансылык жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүүдө белгиленет.

III глава. Резервдик фонддун каражаттарын чыгымдоонун багыттары

 

  1. Резервдик фонддон каражаттар бул жобо тарабынан каралган максаттуу багытка ылайык чыгымдалат.
  2. Резервдик фонддон каражаттар жергиликтүү бюджетти түзүүдө жана бекитүүдө эске алынбаган шаарда өткөрүлүүчү экономикалык, социалдык-маданий жана башка иш-чараларды күтүлбөгөн чыгымдарды жабуу үчүн түзүлөт, анын ичинде:

а) расмий күндөргө арналган майрам күндөрүндөгү расмий иш-чараларды өткөрүү;

б) расмий кабыл алууларды, жолугушууларды, семинарларды жана башка жалпы шаардык маанидеги иш-чараларды өткөрүү;

в) шаардын аймагында турган социалдык-маданий жана административдик объекттердин материалдык-техникалык базасын жана инфраструктурасын ремонттоого жана жакшыртууга жарым-жартылай финансылык колдоо көрсөтүү;

г) Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине жана катышуучуларына, эмгек ардагерлерине, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, аз камсыз болгон жана табият кырсыктарынын натыйжасында жапа чеккен жарандарга бир жолку материалдык жардам көрсөтүү;

д) Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун жана аймактык мамлекеттик органдарынын кызматкерлерин иштеги жакшы жетишкендиктери үчүн жана Кыргыз Республикасынын кесиптик жана расмий майрамдарына байланыштуу материалдык сыйлоо жана дем берүү;

е) табигый кырсыктардын жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин алдын-алуу жана жоюу боюнча маселелерди тез арада чечүү, ошондой эле шаардын аймагында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо;

ж) спорт иш-чараларынын катышуучуларын, ошондой эле илимдин жана маданияттын ишмерлерин финансылык жактан колдоо көрсөтүү;

з) жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун кызматкерлерине өзү же жакын туугандары ооруп же каза болгон учурларда материалдык жардам көрсөтүү;

и) табигый кырсыктардан, жаратылыш-техногендик катастрофалардан жапа чеккен социалдык-тиричилик, турак-жай-коммуналдык багыттагы объекттерин калыбына келтирүү жана ремонттоо иштерин каржылоо (атайын жабдууларды, чарба инвентарларын, дары-дармектерди, тамак-аш продуктыларын, күйүчү май сатып алуу);

к) мыйзам күчүнө кирген соттук инстанциялардын актыларын аткаруу;

л) аскерге чакыруу комиссиялардын ишин камсыздоо үчүн финансылык жардам көрсөтүү;

м) Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктарына тийиштүү башка иш-чараларды жана чыгымдарды каржылоо.

  1. Резервдик фонддун каражаттарын төмөнкүлөргө пайдаланууга тыюу салынат:

а) киреше алып келүүчү коммерциялык максаттарга же ишмердикке;

б) өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердигин күтүүгө жана камсыздоого;

в) депутаттардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлеринин өз кызыкчылыктарын канааттандырууга.

IVглава. Бишкек шаарынын резервдик фондунун каражаттарын    чыгымдоо тартиби

  1. Резервдик фондунан каражаттар шаардын мэринин жана райондук администрациялардын башчыларынын буйругунун негизинде бөлүнөт.
  2. Резервдик фонддун каражаттарын чыгымдоо боюнча сунуштарды киргизүү укугу Бишкек шаарынын мэрине, Бишкек шаардык кеңештин депутаттарына, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилерине, райондук администрациялардын башчыларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызматкерлеринин профсоюздук комитеттерине таандык.
  3. Резервдик фонддон каражат бөлүү жөнүндө сунуштун демилгечиси сметалык-финансылык документтерди тиркөө менен суралуучу каражаттарды жана анын көлөмүн бөлүү зарылчылыгын негиздөө менен өтүнүчтү шаардын мэрине же райондук администрациянын башчысына жөнөтөт.
  4. Шаардын мэри жана райондук администрациялардын башчылары бул жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин негизинде сунушталган чыгымдардын максаттуулугу жөнүндө чечим кабыл алат.

Vглава. Резервдик фонддун каражаттарын чыгымдоого контроль

  1. Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык резервдик фонддун акча каражаттарынын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылуусуна каражат бөлүштүрүүчү жана каражат алуучулар жеке жоопкерчилик тартат.
  2. Бишкек шаарынын мэри жана райондук администрациялардын башчылары Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына резервдик фонддун каражаттарын чыгымдалышы жөнүндө квартал сайын маалымат берет.

Бишкек шаардык кеңештин

аппарат жетекчиси                                                   Э. А. Нурдавлетов