Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын мэриясынын  кызматтарынын

жана түзүмдүк бөлүктөрүнүн ишинин

натыйжалуулугун камсыздоо боюнча

чаралар жөнүндө

         Бишкек шаардык кеңештин чечимдеринин аткарылбагандыгына жана Бишкек шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн кызмат адамдары тарабынан өз милдеттерин тийиштүү аткарылбагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамынын 15-статьясын жетекчиликке алуу менен, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1.  Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык базарлар, автотоктотмолор жана автокоюу жайларынын дирекциясынын директорунун милдетин аткаруучу У. Карагуловго ишеним көрсөтпөө билдирилсин,  Кыргыз Республикасынын мыйзамын бузууга жол берген Бишкек шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн кызмат адамдарынын жоопкерчилик чарасын карап чыксын жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык базарлар, автотоктотмолор жана автокоюу жайларынын дирекциясынын иши боюнча материалдарды укук коргоо органдарына жөнөтсүн.
  2. Бишкек шаарынын мэриясы:

а) Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык базарлар, автотоктотмолор жана автокоюу жайларынын дирекциясынын ишин реформалоо боюнча сунушту Бишкек шаардык кеңештин кезектеги сессиясынын кароосуна киргизсин;

б) ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө Бишкек шаардык кеңешке 2014-жылдын 1-апрелине чейин маалымат берсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Л. В. Ардаминага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                        М. А. Аманкулов

Бишкек шаары,

18-февраль 2014-жыл, №65