Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарын жана Бишкек шаардык кеңештин регламентин жетекчиликке алып, жаңы коалициялык макулдашууну эске алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. XXVII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагалары жана төрагаларынын орун басарлары тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Бишкек шаарынын мэриясына Бишкек шаардык кеӊештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын иштөөсү үчүн иш бөлмө тапсын.
  3. Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 6-февралындагы №53 “Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
  4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Төрага                                                                                         Ж. Б. Абиров

Тиркеме (docx., 15 Кб)