Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин 2007-жылдын 9-июлундагы №339 «Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторду берүү тартиби жөнүндө» жана «Бишкек шаарында жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участокторун алууга жарандардын кезектүүлүгүн түзүү тартиби жөнүндө» жоболорун бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаардык кеңештин 2007-жылдын 9-июлундагы №339 «Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторду берүү тартиби жөнүндө» жана «Бишкек шаарында жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участокторун алууга жарандардын кезектүүлүгүн түзүү тартиби жөнүндө» жоболорун бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

а) Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн  жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жободо:

27-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

«Бишкек шаарынын мэриясынын комиссиясы эгер берилген документтер бул жобонун 12-пунктуна ылайык келбесе, жарандарга жеке турак жай куруу үчүн жер участогун берүүдөн баш тартууга укуктуу»;

33-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

  • 33. Ушул жобонун 32-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторго укуктар “Бишкекбашкыархитектура” МИсине берилген жарандардын арыздарынын негизинде каралат.»;

35-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

«35. Ушул жобонун 32-пунктунда каралган учурларда жер участогун түзүү ниеттердин баяндалышы, жер участогунун аянты жана анын жайгашкан орду алдын ала каралуучу “Бишкекбашкыархитектура” МИси тарабынан жүзөгө ашырылат.»;

38-пункттун экинчи абзацы алып салынсын.

б) Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бишкек шаарында жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участокторун алууга жарандардын кезектүүлүгүн түзүү тартиби жөнүндө жободо:

бардык текст боюнча ар кандай жөндөмөлөрдөгү «Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациясы» деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө «Бишкек шаарынын мэриясынын райондук муниципалдык администрациясы» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2.2-пункттагы «жана жеке турак үйлөрдү куруу үчүн жер участокторун берүү» деген сөздөр «жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун алууга» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2.3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

  • 2.3 Жыйындарды өткөрүүнү жана ишти уюштурууну Бишкек шаарынын мэриясынын райондук муниципалдык администрациялары жүзөгө ашырат.»;

2.4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

«2.4 Берилген арыздардын датасына ылайык райондук комиссиялар тарабынан түзүлгөн кезекчилердин тизмеси 31-декабрдагы абал боюнча алты нускада түзүлөт жана координациялоо жана контролдоо үчүн ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт.»;

2.5-пункттун биринчи абзацындагы «үч» деген сөз «алты» деген сөз менен алмаштырылсын;

2.5-пункттун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

  • Бекитилген тизменин бирден нускасы Бишкек шаарынын мэриясынын райондук муниципалдык администрацияларына берилет, бешинчи нускасы маалымат жана контролдоо үчүн Бишкек шаардык кеңешке берилет, алтынчы нускасы Бишкек шаарынын мэриясында калат.»;

2.6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

  • 2.6. Райондук комиссиянын курамы:

Бишкек шаарынын администрациялык районунун башчысы – райондук комиссиянын төрагасы;

жеке турак жай курууну тейлеген Бишкек шаарынын администрациялык районунун башчысынын орун басары -райондук комиссиянын төрагасынын орун басары.

Райондук комиссиянын мүчөлөрү:

Бишкек шаардык кеңештин ар бир фракциясынан Бишкек шаардык кеңештин бирден депутаты;

жеке турак жай курууну тейлеген Бишкек шаарынын мэриясынын райондук муниципалдык администрациясынын өкүлү – райондук комиссиянын катчысы;

Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыктын өкүлү;

  • Бишкекбашкыархитектура» МИсинин өкүлү;

- коомчулуктан өкүлдөр – 2 киши.»;

2.7-пунктундагы «Бишкек шаарынын мэриясынын» деген сөздөр «Бишкек шаарынын мэриясынын райондук муниципалдык администрациясынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

3.4-пунктундагы «жана Бишкек шаарынын мэриясынын жеке турак жай курулуш департаменти» деген сөздөр алып салынсын.

 

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (К. К. Конгантиев) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б. О. Дюшембиевге жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу                                                                        В. М. Лисниченко