Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бала бакчанын имаратын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонддун 2017-жылдын 24-апрелиндеги № 07-1934 катын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамына ылайык, кыймылсыз мүлктүн азыркы турган объекттерин натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле шаардыктарды мектепке чейинки балдар мекемелер менен камсыз кылуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаары, Нарва көчөсү, 74 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 5225,0 чарчы метр жер участогу менен бала бакчанын имаратын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинин объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгы 2017-2018-жылдарга бюджетте бала бакчанын кабыл алынуучу имаратынын капиталдык ремонтуна жана иштөөсүнө каражат караштырсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелер, шааркурулушу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (К. К. Конгантиев), Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Р. К. Макеновго жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б. О. Дюшембиевге жүктөлсүн.

 

Төраганын милдетин аткаруучу                                                                   В. М. Лисниченко