Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Кыргызстан эл аралык университетинин имаратын

муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 25-декабрындагы № 23 протоколдук тапшырмасынын 15-пунктун аткаруу үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун 2016-жылдын 17-февралындагы № 09-796 сунушун карап чыгып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй проспекти, 255де жайгашкан имараттын аянты 1855,5 чарчы метр, жалпы аянты 3474,3 чарчы метр жанаша жаткан жер участогу менен Кыргызстан эл аралык университетинин имаратын Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте Кыргызстан эл аралык университетинин имаратын муниципалдык менчикке кабыл алуу боюнча чара көрсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык мүлк, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (К.К.Конгантиев), Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Э.З.Зарлыковго жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б.О.Дюшембиевге жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

 

А. М. Кененбаев

Бишкек шаары,

2016-жылдын 27-сентябры, №203