Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 
Бишкек шаардык кеңештин Муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын отуруму
БШК Төрагасы Жаныбек Абиров жана депутаттар залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу жыйынга катышышты
Бишкек шаардык кеңештин «Ɵнүгүү Прогресс» фракциясынын лидери Таалайбек Сариев жарандарды жеке кабыл алуусун өткөрдү
БШКнын депутаты Асель Пирматованын демилгеси менен №20 МАБда көчмө жыйын өттү
БШКнын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов “Айтматовдун каармандары” аттуу иш-чарада катышты

Жаңылыктар

Бүгүн, 11-декабрда Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын отуруму өттү

11.12.2018

Мектепке чейинки окуу жайларынын электрондук кезек жана мектептерге окуучуларды ашыкча кабыл алынуусу жана маселени чечүү жолдору.

Бишкекте Чынгыз Айтматовду эскерүү аземи өтүп, эстелигине гүл коюшту

11.12.2018

Бүгүн, 11-декабрда, Бишкек шаардык кеӊештин Төрагасы Жаныбек Абиров жана БШКнын депутаттары залкар жазуучубузду эскерип, эстелигине гүл коюшту.

«Ала-Тоо» аянтында Жаңы жылдын символу жанды

10.12.2018

Бишкек шаарында декабрь айынын келиши менен, Жаңы 2019-жылга даярдык кызуу башталды.

Бишкек жана Ош шаардык кеңештер аралык футбол боюнча достук беттешүү өттү

08.12.2018

Мелдеш, Бишкек шаардык кеңеш тарабынан, Улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейине арналган.

Токтомдордун долбоорлору

2018-жылдын 4-декабрында Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында Свердлов районунун № 35 бала-бакчасына баруучу балдардын ата-энелеринин аталган бала-бакчанын башчысынын мыйзамсыз жүргүзгөн иштери жана жумушундагы бузуулар боюнча коллективдик арызы каралды.

Ата-энелердин жана мектепке чейинки мекеменин жетекчилигиин ортосундагы конфликттик жагдай боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Н.Никифорованын жана №35 бала-бакчанын башчысы Н.Токтомамбетованын маалыматы угулду.

Маселени талкуулоонун жыйынтыгы боюнча туруктуу комиссия тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгына бул маселени контролго алуу жана жалпы билим берүү мекемелеринде конфликттик жагдайларды алдын алуу жана болтурбоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү протоколдук тапшырмасы берилген. Андан ары өз ишинде билим берүү объекттеринин жетекчилерин которуу (ротация) маселесин карап чыгылсын.

Комиссиянын күн тартибиндеги калган үч маселе боюнча Бишкек шаарынын вице-мэри А.Куламбаеванын, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы С.Мейрманованын жоктугуна байланыштуу, кийинки комиссиянын жыйынынын кароосуна калтырылсын деген чечим кабыл алынды.