Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Салтанаттуу аземде БШКнын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК депутаты Эльмир Досалиев болду.

«Чыӊгыз Төрөкулович Айтматов — дүйнөнүн 176 тилине которулуп, 100 млн. нуска менен тараган чыгармаларды жараткан залкар инсан. Анын окурмандары күндөн күнгө көбөйүп, жер шарынын бардык континенттеринде өз күйөрмандарын таап жатканы кубандырат», — деди Русланбек Жакышов, салтанаттуу иш-чарада.

«2007-жылы Чыӊгыз Төрөкуловичке жолугуп, анын колунан кол тамга менен китеп алгам. Бул адам биздин эл үчүн гана эмес, жалпы дүйнөлүк маданият үчүн залкар жазуучу. Биз аны эч качан унутпашыбыз керек!» — деп белгиледи Эльмир Досалиев.

Музей окутуучулар жана окуучулардын илимий ишмердигинин башаты. Музейде раритет экспонаттар, МГнын окуучулары залкар жазуучунун чыгармаларынын мотиви менен жасаган инсталляциялар коюлган.