Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Бүгүн, Бишкек шаардык кеӊешинин регламент, укуктук суроолор жана мыйзамдуулук боюнча комиссиясы шаардын вице мэри Рыспек Сарпашевдин кардын көп жааганынан улам пайда болгон муз менен күрөшүү боюнча маалыматын укту.

Анын айтышы боюнча Бишкек шаарынын жолдорун тазалоого болгону 20 кар тазалоочу унаа тартылган. 2010-жылдан бери шаар бир дагы атайын техника ала элек. Бишкекте 1300 км жол асфальтталган, анын ичинде 400 км жолду «Тазалык» тейлейт. Муз менен күрөшүү үчүн туз аралашкан кум колдонулат.

Комиссиянын отуруму учурунда ТК төрагасы Адиса Имангазиева: «бул маселени көтөрүп жатканыбыздын себеби ал актуалдуу жана курч турат. Андан тышкары, Бишкек — Кыргызстандын борбору, муз менен күрөшүүнүн жаӊы методдоруна биз эмитеден өтүшүбүз керек», — деди.

Депутат Эрмек Усубалиев шаардын вице-мэри Бакыт Дүйшөмбиевден соода борборлорунун жана башка объекттердин айланасындагы мыйзамсыз парковкалардын маселесин кантип чечсе болооруна кызыкты. Депутаттын ою боюнча мындай объекттердин айланасындагы унаалардын топтолушу коомдук транспорттун жүрүшүнө, бөтөнчө бир тараптуу жолдордо тоскоолдук жаратууда. Шаардын вице-мэри парковкалар жана унаа токтоочу жайлар боюнча атайын кызматтарды уюштуруу пландалып жатканын комиссиянын мучөлөрүнө маалымдады.