Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

«Бир Дүйнө Кыргызстан» фестивалы — бул «Еден свет» адам укуктары боюнча документалдык тасмалардын чехиялык фестивалынын аналогу.

Он эки жыл аралыгында бул чыгармачылык долбоор, коомдук жашоонун чордонунда болгондуктан, өзүнүн актуалдуулугун, кабыл алуу өткүрдүгүн жоготкон жок. Фестивалдын темасы чечүүнү талап кылган аярлуу элдердин көйгөйлөрүн дайыма көтөргөндүктөн, адам укуктарынын көйгөйлөрү боюнча талкуулар үчүн абройлуу аянтча болуп кызмат кылды,» — деди Жаныбек Абиров, фестивалдын катышуучуларына кайрылып жатып.
«Бир Дүйнө Кыргызстан» фестивалы коомдун ар кандай чөйрөсүнөн, жөнөкөй жарандардан баштап, белгилүү саясатчыларга, таанымал эксперттерге жана документалисттерге, режиссерлорго жана кинокритиктерге чейинки көптөгөн көрүүчүлөрдү алгандыгы менен уникалдуу.
«Бир Дүйнө Кыргызстан» фестивалы 12-ноябрдан 16-ноябрга чейин Бишкекте өтөт. Буга чейин комиссия критерийлерге туура келген 24 тасманы тандап алган. Кыргызстан, Норвегия, Швеция, Китай, Чехия, Швейцария, Россия, Германия, Польша, Бельгия, США, Австралия, Индия, Великобритания, Канада, Украина, Парагвай жана ЮАР сыяктуу 18 мамлекеттен 55 тасма сынакка көрсөтүлгөн.