Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Токтомдордун долбоорлору

Бүгүн, 6-ноябрда, БШКнын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов 60 жылдык юбилейи менен Сабира Өжөрбаеваны Бишкек шаардык кеӊештин атынан жана жеке озүнүн атынган куттуктады.

Кыргыз тили жана адабияты мугалими Сабира Өжөрбаева юбилейлик адабий кечеси Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында болду.

«Өлкөнүн билим берүүсүнө, интеллектуалдык жана маданий байлыгына  сиздин кошкон салымыңызды баалайбыз. Кыргыз элинин тунгуч агартуучусу — Ишеналы Арабаевдин 4 эмгегин  биринчилерден болуп киррилицага которуп,  кылым карыткан бул эмгекти ар бирибиз кенен окуп-үйрөнүп таанышканга мүмкүнчүлүк түзүп бердиӊиз. Басылып чыккан сиздин эмгектериңиз,  илимий-методикалык макалаларыңыз мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө, жаш муундарды тарбиялоодо абдан чоң салым кошту.» — деди, Русланбек Жакышов куттуктап жатып.

Куттуктоолор менен кошо Сабира Өжөрбаевага бардык жакшылыктарды каалап, дагы да көптөгөн жетишкендиктерине тилектештигин билдирди.